Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Азамат Эшимов курулуш материалдарын чыгаруучу чакан цех иштетүүдө. Ал айыл элине кызмат кылуу эле эмес айыл тургундарын жумуш менен камсыздоону да каалайт.
Мурун Кара-Талаа айылынын тургундары курулуш материалдарды алыс жактан ташып келишчү.
«Келечекте бул чакан цехти кеңейтип, дагы жумуш орундарын түзсөк деген оюбуз бар. Бул жерде пескоблок чыгаруучу аппараттан сырткары тегирмен, күзүндө сок чыгаруучу аппаратыбыз бар. Тактай тилгич да бар, өзүбүз каржылап иштетип келе жатабыз», — деди цехтин жетекчиси.
Курулуш материалдарын чыгаруучу чакан цехте иштеген Азамат Догдурбеков:
— Бул жумушка келгенимдин себеби, айылда жумуш жок. Экинчиден, бул чакан ишкана болгондон кийин маанилүү роль ойнойт. Бул жакта тегирмен бар, тегирменге буудай салынып, элдер ун менен камсыз болот. Экинчи, пескоблок чыгарылат. Азыр ар бир айылда, ар бир жерде курулуш жүрүп жатат. Балыкчыдан ташып келгенге караганда айылыбызда чыгарылган ыңгайлуу. Арзан дагы, сапаттуу дагы болот.
Даярдаган: Үмүтай Аттокурова