Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 15 жаштагы тургуну Алтынай Абдыбекова комуз чертип волейбол ойнойт.
Кара-Талаа айылында кошумча кружоктордун жоктугуна байланыштуу Балыкчы шаарындагы №6 музыкалык мектепке кирген. Мектептер арасында болгон сынактарга калтырбай катышат. Комуз чертүүдөн тышкары волейбол менен машыгат жана мектептер арасындагы курама командада ойнойт. Жакындарынын тоюнда келген меймандарга комуз чертип, өз өнөрүн көрсөтүп берет.
Ал эми Кара-Талаа айылынын 17 жаштагы тургуну Самара Кенжебекова ыр жазып, сынактарга катышып келет. Өзүнүн айтымында, 3-классынан бери ыр жазуу менен алектенип келет. Аны менен болгон маегибизде төмөндөгүлөрдү айтты:
«Бул өнөр мага атамдан өттү деп ойлойм. Ал дагы ыр жазат. Атамдын кээ бир ырларына обон чыгарылып, ырдалып жүрөт. Апам дагы сөздү куюлуштуруп сүйлөгөн адам. Атам чыгармачылыкка кызыгат, чогуу ырдап музыкалык аспаптарды черткенди үйрөтүп келет. Ырларды көбүнчө кубанганда, кайгырганда оюмду топтоп жазам. Кээде ар кандай уйкаштыктар өзүнөн-өзү эле пайда болот. Ыр жазуудан сырткары, синтезатор чертип ырдап өткөрөм. Келечекте журналист болгум келет. Буга ыр жазуунун жардамы тиет деп ойлойм».
Даярдаган: Аттокурова Үмүтай