Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну өзүнүн күчү менен күнөскана курду. Күнөскана айыл тургундарын жер-жемиштер менен Балыкчынын баасында камсыз кылып жатат.
Кара-Талаа айылынын 30 жаштагы тургуну Дастан Мааткеримов күнөскананы бир жыл ичинде куруп бүткөн. Аны салууга 350 миң сом каражат жумшаганын айтат.
— Учурда теплицада 400 түп бадыраң жана 2 түп помидор отургузулду. Айылга Балыкчынын баасында 100 сомдон сатылып жатат. Күнөскана жыл бою эки жолу түшүм алса болот. Июль, январь айларында эс алат. Кышкысын 3 тонна көмүр сарпталат. Жылытуу системасы күндүзү күн нуру менен болсо ал эми түндөсү 11ден кийин от жагылат. Градусу 12ден түшпөшү керек. Күнөсканага өтө кылдаат маамиле кылынышы керек. Убагында суусун берип, градусун түшүрбөй кармаш керек. Келечекте дагы бир күнөскана куруп, биринде жалаң помидор, экинчисинде бадыраң айдасам деген ой бар.
Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова