Күз мезгилинин келиши менен Тоң районунун Кара-талаа айылында өрүктүн сезону бүтүп, эми айыл эли алмурут менен алпурушушууда.
Октябрь айынын башталышы менен алманын сезону да башталат. Айыл туругундары Кайыпчал Үсөнов менен Канат Жумабековдун үйүнө алмурут алуучу фуралар кирип, элдердин эрте бышкан алма, ошондой эле алмуруттарын сатып алышып, чет мамлекеттерге жөнөтүшөт.
Алардын айтымында, быйыл алмурут айрым жерлерде майда болсо, айрым жерлерде көлөмү чоң. Алмуруттун өңүнө жараша баасы да ар кандай болуп жатат. Башында 40 сомго чейин барса, учурда 28-30 сомдон соодаланып жатат.
Айыл тургуну Майрамбек Мусакунов:
— Быйылкы жылы кургакчылык болуп, бизде алмуруттун түшүмү мурдакы жылга караганда жакшы болгон жок. Жылда күз айында үйдөгү алмуруттарды терип, айылдагыларга өткөрүп турабыз. Кээ бир жылдары алмуруттун сапаты жогору болгон учурларда башка алыс жерлерге барып сатабыз.
Даярдагандар: Аттокурова Үмүтай, Адикова Айгерим