Тоң районунун Боз Салкын жайлоосунда Бүткүл дүйнөлүк 48-салбурунчулардын конференциясы болуп өттү.
Катар мамлекетинен келген «Алганас» мүнүшкөрлөр ассоциациясынын президенти Али Межхеда «Кыргызстанга биз төртүнчү жолу келип жатабыз. Кыргыз элинин меймандостугуна суктандым» деп билдирди.
Бул конференцияга Бүткүл дүйнөлүк мүнүшкөрлөр коомунун жетекчиси Андриано Ломбард «Биздин коомго 48 мамлекет мүчө болуп кирген. Кыргызстандын Салбуурун федерациясынын иши менен таанышканы келдик» деп кошумчалады.
Алмаз Акунов Кыргызстандагы Салбуурун федерациясыны жетекчиси. «Биздин иш-чарага 20 мамлекеттен коноктор келди. Биздин негизги максат — Ысык-Көл жергесине туристтерди тартуу жана кыргыз маданиятын даңазалоо», — деп билдирди федерация башчысы.
Конференция кыргыздын ат үстүндөгү жана куш салуу оюндары менен коштолду.
Даярдаган: Аликенов Нурсултан