Талас шаардык мэриясынын имаратында Талас шаардык аймактык шайлоо коммисиясынын штабы жайгашкан. Учурда шаар ичинде 10 шайлоо участкалары ишин алып барууда.
Маалым болгондой, участкалык шайлоо коммисиялары семинар-тренингдерди өтүп, жаңылануу боюнча жана уюштуруу-техникалык жактан билимдерин өркүндөтүштү. Жалпысынан Талас шаары боюнча расмий түрдө 16687 шайлоочунун тизмеси такталган.
Шайлоо участкалары саат 9:00-17:00 чейин иштешет.
Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова