Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында спорт комплекси курулуп жатат. Анын курулушун айыл жаштары өздөрү демилгелешкен.
Кара-Суу айылынын тургуну Адилет Жолдошбек уулу спорт зал жаштарды ичкиликтен жана баңгизаттардан алыстатуу максатында курулуп жатканын айтты.
«Айыл өкмөтүнүн карамында турган мурунку кинозал жараксыз абалга кептелгенинен анын ордуна жаштарга спорт комплексин тургузуп жатабыз. Учурда жаштар ортобузда айылдан жер алып, иштеткенибизге эки жылга чукулдап калды. Ошол эки жылдан бери иштеп чогулткан акчабыз 180 миңдей акча болуптур», — деди Адилет.
Анын айтымында, спорт комплекстин курулушун октябрь айынын ортосунда бүтүрүү пландалып жатат.
«Балдарыбыз көчөгө баспай ушул жерге машыгып турса кандай жакшы. Ушул жаш балдарыбыз менен кийин сыймыктанып, ушул айылдан чыккан балдарды көрүп турсак өзүбүзгө да жакшы болот», — деп токтолду Адилет.
Андан тышкары, жаштарга Кара-Суу айылынын депутаттары да колдон келген көмөгүн көрсөтүп жатышат. Спорт залдын кээ бир жерин бүтүрүш үчүн каражат жетпей атканын да кошумчалашты жаштар.
«Жардам берем дегендер болсо жардам берсеңиздер абдан жакшы болот. Келгиле, жардам берип клубга салымыбызды кошуп, быйыл бүтүрүп жаштарга жакшы шарт түзүп берели», — деди Адилет жаштардын атынан.
Даярдагандар: Гүлзада Бейшенбекова, Элина Азаркулова.