Тоң районуна караштуу Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде чет тил жумалыгы болуп өтту. Бул жумалыкка 5-класстан 11-класска чейики окуучулар катышышты.
Чет тил мугалими Нурзат Жакыпова төмөнкулөргө токтолду:
— Бул «Чет тил жумалыгына» чет тилин жакшы билген, мыкты которгон окуучулар катышышты. Бул жумалыкты мурункудан өзгөчөлөнтүп көбурөөк конкурстарды уюштурдук. Мисалы: «Эң мыкты котормочу», «Что люди скажут?», «Көркөм окуу».
Конкурсттун катышуучусу жана жеңүүчүсү 10-класстын окуучусу Айдай Узакова:
— Биздин команда 3 окуучу кыздардан түзүлгөн. Сынак 3 турдан болду. Алар: сүйлөмдөрдү эки тилге которуу. Фразеологизм сөздөрдү чечмелөө. Ырларды орус тилинен чет тилине которуу. Чет тил мугалимибиз бизди мыкты деңгээлде даярдантты. Атаандаштарыбызды жеңгенибизге кубанычтамын. Мугалимибизге чоң ыраазычылык билдиребиз.
Конкурска күбө болгон Гулкайыр Табылдыева:
— Бул сынакка 9-10-11-класстын окуучулары мыкты катышышты. Мен 10-классты чын дилимден колдоп-коштоп турдум. Алардын билим сапаты жогору болгондуктан жеңээрине башынан эле ишенгем.
Даярдагандар: Адинай Кадырбекова, Нуркыз Айдарбек кызы, Айгерим Адикова.