Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы жаңы конуштардын биринде айыл тургундарын жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жаңы трансформаторлор коюлуп, ишке берилүүдө.
Кара-Талаа айылында жайгашкан Бозов Эшенгазы атындагы конушта дагы трансформатор коюлуп, жаңы линиялар тартылды. Айыл эли толук электр энергиясы менен камсыз болушууда.
Бул трансформаторлор Балыкчы РЭСи тарабынан коюлууда. Алсак жаңы айыл конушунунун тургундары мурда жарык начар болуп, тоскоолдуктар болуп турганын белгилешүүдө. Ал эми жашоочулар буга ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Айылга трансформаторлорду коюп иштеп жаткан жумушчулардын бири Карагулов Кубатбек кабарчыбыз Кадырбекова Адинай менен ушул тууралуу маек куруп берди.
«Бул трансформаторлорду «Чыгыш-Электро» акционердик коомунун атынан коюп жатабыз. Бул айылга келгенибизге 1 айча убакыт болду. Максатыбыз — айыл элин үзгүлтүксүз электр-энергиясы менен камсыз кылып, трансформаторлорду коюп берүү. Айыл эли бизге колдон келишинче жардамдарын аяшкан жок. Тамактарыбызды дагы камсыздап беришти. Кыскача айтканда кош көңүлдүк мамилени байкаган жокпуз.»
Айыл тургуну Инашов Акылбек төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
— Бизге жаңы трансформаторлор коюлуп, айыл тургундары үчүн аябай жакшы жеңилдиктер болду. Себеби буга чейин токтун кубаттуулугунун аздыгына байланыштуу, жарык дагы начар болуп, электр жабдыктары иштен чыгып, жараксыз болуп калчу. Ал эми азыр андай көйгөйлөр болбойт.
Даярдагандар: Аттокурова Үмүтай, Кадырбекова Адинай
Сүрөтү: Мамытов Дүйшөнбек