Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков мектебинде күз майрамына арналган 5-класстарынын окуучуларынын катышуусунда түшүм майрамы болуп өттү.
Бул майрам жылда белгиленип, дастаркондун жасалгаланышы менен өзгөчөлөнүп турат. Окуучулар буга кызуу даярданышып, концерттик программаларды аткарып, жакшы номерлерди көрсөткөнгө аракет кылышты.
5-класстын жетекчиси Кундуз Акылбекова:
— Бардык окуучуларым форма менен камсыз болушуп, жакшы маанайда өткөрүп бердик десем жаңылышпайм. Берилген тапшырмаларды убагында аткарып турушту жана ошондой эле сценка аткаруу менен өзүлөрүнүн актердук чеберчиликтерин көрсөтө алышты. Дастаркондун көркүн ачкан түркүн даамдарды жасашып, фантазиялаштырышты. Мен окуучуларымдын эмгегине ыраазы болдум жана окуучуларым менен сыймыктанам. Мугалимдерге, көрүүчүлөргө жакты деген ойдомун.
10-классынын окуучусу Кымбат Түмөнбаева:
— Менин оюмча, түшүм майрамы жогорку деңгээлде болуп өттү. Окуучулардын аткаруучулук чеберчиликтери жакшы байкалып турду. Мага абдан жакты. Мурда дагы класстар арасында ушул сыяктуу майрамдар өткөрүлүп турчу.
Даярдагандар: Аттокурова Үмүтай, Кадырбекова Адинай