Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы мечитти оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аны “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” каржылаган.
Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиалык борборуна Кызыл-Жылдыз айылынын имамы Мухаммед Сагынбаев билдирди.
«Бизидин айылдын мечити оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгондуктан биз “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ансамблеясынын” төрөгасы Саид Баюмиге кайрылганбыз. Ошол жамааттын чечиминин негизинде бизидин мечит толук ремонттон өтүп жатат. Биздин айылдын элинин өздүк салымы да болушу керек. Эгер ошол өздүк салым чогулса, анда мечиттин айланасынын тосмосу да тосулуп калат эле.»
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын мечити 2005-жылы декабрь айында салынган.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков