Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде, 23-сентябрь тил күнүнѳ карата «Кыргыз Кѳчү» аттуу бир айлык сынак ѳткѳрүлүүдѳ. «Башканы коюуп Манасты айт» жана «Манас айтуу» ар кыл багыттагы сынактар класстар арасында уюуштурулууда. Бул сынак 8-класстар арасында ѳткѳрүлдү. Ар бир класстан 2,3 окуучу катышып баардыгы 11 окуучу ат салышты. Сынакка катышкан окуучулардын мыктылары «Сыйлоо баракчалары» менен сыйланышты. Бул сынак окуучуларга ѳтѳ зор таасирин тийгизет деген оюу менен «Манас тануу» ириминин жетекчиси Тахмина Алымкулова тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:
« Бул сынак негизи 23-сентябрь кыргыз тилдин мамлекеттик тилдин күнүндө майрамдалат. «Кыргыз көчү» деген өзүбүздүн чакан бир айлык айлыгыбыз бар. Ошондо улам кыргыз тилине арналган класстар аралык ар кандай сынактар болуп турат. Бул 8-класстар арасына келгенде сегизинчи класстан баштап Манасты окуй башташат. Мына ошондуктан «Башканы коюуп Манасты айт» же болбосо «Манас айтуу» сынагы ар кыл багыттагы сынактарды өткөрүп келебиз. Бул сынак окуучуларга өтө жакшы, өтө зор таасир берет. Анткени Манасты окуп үйрөнүү менен эле калбастан, окуучулар Манастык өнөргө да сүӊгүп кирип, Манасчылык өнөрдү да үйрөнүшөт. Ошондуктан жеӊген окуучуну баш байге деген сыйлык менен сыйладык, гран при бердик дагы грамоталар менен сыйладык. Келечеги алдыда кыздарыбыздын дагы. Эӊ мыкты деӊгээлде айтышты Манасты дагы».
Быйылкы «Манас айтуу» сынагы былтыркы сынактан айырмаланганы окуучулардын активдүү катышкандыгы, кийген формалары, кыймыл аракеттери жана баардык талаптарга жооп бергендиги болду. Сынакта 8-класстардын окуучулары чоң класстарга караганда жогорку деңгээлде атаандашты дейт 10-класстын окуучусу Афтандил Тѳлѳнов:
« Негизи баардыгы эле жакшы даярданыптыр. Баардыгына жакканы анан өзгөчө калыстарга өзгөчө болуп көрүнгөнү кыймылдар менен, баардыгын төп келтире көргөзгөн 8 «г» классынын окуучусу Нуриза болду. Ушундай денгээлде 8-класстар алып чыгат деп ойлогон эмесмин. 11 менен 10го салыштырганда 8-класстардын баары эле аябай активдүү таймашып, атаандашып чыгышат экен».
Сынакта эр жигиттерден кем калышпай атаандашкан кыздарыбыз да жок эмес. Кыздарыбыз да сахнанын кѳркүн чыгарып, Манасты ар түрдүү обондорго салып айтуу менен калыстар тобунун купулуна толушту. Бул сынакка эки жумадан бери даярданып келген катышуучубуз Нуриза Нурбекова алдынкы оорунду багындырып, ѳз кубанычын кабарчыбыз менен мындайча бѳлүштү:
« Манас айтууга атайлап катышпайм. Бирок былтыр мектеп ичинде Манас айтуу конкурсу өтүп, ал жерде жөн гана катышып көргөм. Бирок биринчи оорунлу багындырып ушундан улам Манас айтуу тактап айтканда хоббим болуп калды. Манас айтуудан былтыр 5-класстан 11-класска чейинки окуучулардын арасында 1-оорунду багындыргам. Анан кудай буюрса быйыл дагы 1-оорунду алдык. Биз негизинен эки жуманын ичинде эле даярдандык. Такыр ойлогон эмесмин биринчи оорунду алам деп. Күчтүүнүн күчтүүсү жеӊет дегендей бүгүн калыстар тобу туура чечим чыгарды деп ойлойм. Мен абдан кубанычтамын биринчи оорунду алганга».
«Ѳнѳрүң болсо, ѳргѳ чап» дегендей сынактын катышуучуларына мындай кийинки да сынактарда байгелүү оорундарды багындырып, ѳнѳрлѳрүн ѳркүндѳтѳ беришине тилектешпиз.
Сюжетти даярдаган жана алып барган Аймарал Жаныбекова, Назик Казиева.
Кийинки чыгарылышка чейин сак саламатта туруңуздар.