Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө футбол аянтчасы курула баштады. Аянтчаны курууга айылдык депутаттар долбоор жазышкан.
Аянтча жаштарды футболго тартуу максатында курулуп жатат. Анын курулушуна долбоордон 2 млн сом, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 264 миң 722 сом бөлүнгөн.
Футбол ойноону каалаган жашоочулар аянтчаны саатына ижарага алып пайдалана алышат, баасы болсо элдердин каалоосуна карата коюлмакчы.
Кеңеш айыл өкмөт башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев 2018-жылдан аянтча курулуп бүтсө, атайын машыктыруучуларды алып келип, ийрим ачтырайын деген пландары бар экенин билдирди.
«Биздин жаштар футболго кызыгып, башка алыс жактарга деле барып ойноп келип жатышат. Убакыттарын коротуп, чыр-чатактарга кабылбай эле, өзүбүздө аянтча болгону жакшы.»
Мектеп окуучусу Эгемберди Абдыкааров «Аянтчанын ачылышын аябай күтүп жатам. Ачылса бардык шарттары менен болсо жакшы болмок. Бул аянтчанын ачылганы балдардын спортко кызыгышына дем берет деп ойлойм» деп билдирди.
Даярдаган: Нурмира Садирова