Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде берекелүү күз майрамы болуп өттү. Майрамга 8-11-класстардын окуучулары катышышты.
Окуучуларды маданияттуулука, адептүүлүкө жана меймандостукка үйрөтүү максатында өткөрүлгөн бул иш-чарада ар бир класс өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Программага ылайык ар бир класс ырларды ырдашып, бий бийлешип, клип жана тамашаларды аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду 10-класстар, 2-орунду 11-класстар, 3-орунду 9-класстар ээлешти.
Мектеп организатору Гүлмайрам Ысмаилова “Мектеп окуучулары куз майрамына аябай сонун даярданып келишти. Алар атайын конкурс уюштуруп көптөгөн өнөрлөрүн көрсөтүштү ошондой эле дасторкон ажары жана батмандарды жакшы деңгээлде аткарып беришти” деп токтолду.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева