Баетовдо окуучулардын арасында “Мен Мекендин коргоочусу болом” аттуу аскердик мелдеш болуп өттү. Ага К.Молдобасанов, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.
Жобо боюнча мелдеш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана аскердик даярдыктарга үндөө максатында уюштурулуп, катарда марш менен басуу, сапка тизилүү, автомат чачуу жана жыйноо, аралыкка чуркоо, турникке тартылуу тапшырмалары боюнча күч сынашты.
Оюндун жүрүшүндө айрым окуучулар тапшырмаларды аткарууда артыкчлыктарды көрсөтүшсө, айрымдарынын даярдыктары начар экени белгилүү болду. Мелдеш Ак-Талаа РИИБи тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.
Калыстардын чечими менен 1-орунду Ш.Бейшеналиев, 2-орунду Э.Карасартов атындагы орто мектептеринин окуучулары камсыз кылышты. Ал эми 3-орунду К.Молдобасанов мектебинен келген команда ээледи.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира