Орусияда иштеп жүрүшкөн акталаалык жигиттер жакында Баетов айылынын тургуну Замир Казиевге материалдык жардам беришти. Замирдин келинчеги да иштебейт. Өзү менен бирге апасы чогуу жашайт.
“Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Асаналиевдин айтымында, Москвада иштеген Жанарбек аттуу акталаалык жаран бул жолу жердештери менен чогуу айылдагы майып замандашы Замирге жардам беришти. Алар Замирдин үйүнө 3 тонна көмүр түшүрүп, 1 мүшөк ун жана 1 козу жеткирип беришти.
“Албетте, жердештерибиздин жашоосуна кайдыгер карай албайбыз. Колубуздан келишинче мындан ары да жардам берүүнү уланта беребиз”, — деди Асаналиев.
Даярдаган: Г. Мамытбекова