Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде “Күз майрамы” өткөрүлдү. Ага мектептеги 5-11-класстын окуучулары катышты.
Окуучулар күзгү кийимдер парады, жемиштерди кооздоп кесүү-карвинг, мастер класс жана дубал газеталар сынагы тапшырмалары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Күзгү кийимдер парадына 11-а,в, 9а,б,-класстарынын окуучулары жакшы даярданып, өткөн кылымдарда кечелерде айымдар кийген кийимдердин үлгүсүн көрсөтүштү.
Ал эми 10-б классынын окуучулары колдо кантип оригиналдуу белек жасоону, билерик жана моюнча жасоону көрсөтүп беришсе, 9-б классы ден соолукка пайдалуу азыктардан күзгү салат жасап, дасторконго коюуну, жасалгалоону көрсөтүштү.
Дубал гезиттер тапшырмасы боюнча 8-а классынын күрүч, буудай менен жасалган эмгеги өзгөчөлөндү.
Ал эми карвинг-жемиштерди кооздоп кесүү боюнча бардык класстын окуучулары жакшы даярдыктарын көрсөтө алышты.
Даярдаган: Кубанычбекова Элвира