Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар менен жолугушту. Жолугушуу алдында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусу тарабынан даярдалган фильмдер көрсөтүлдү. Андан соң Алымбеков окуучуларга жетишкен ийгилиги, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
Ал эми жаш окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, “Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун” жетекчиси Амангелди Жумадилов келечек ээлерин жакшы окууга, билимдүу, ошол эле учурда тарбиялуу, ыймандуу болууга, улууларды, ата-энени сыйлоого чакырды.
Окуучулар Алымбековго кызыккан суроолорду берип, акындын белектерине ээ болушту. Ошондой эле аталган фонд тарабынан жарык көргөн китептердин көргөзмөсү уюштурулду.
Андан соң акын мектепке китептерин жана Курандын өзү которгон кыргызча нускасын белек кылды. Жолугушуунун соңунда окуучулар эстелик үчүн акын менен сүрөткө түшүштү.
Даярдаган: Г. Мамытбекова