Барскоон айылынын тургундарынын көбү жер жемиш бизнеси менен алектенишет. Дыйкандар менен багбандар бул ишкердик түрү менен үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын жапканга аракет кылышат.
Октябрь айынын орто ченинен тарта айыл тургундары түшүм жыйнай баштайт. Барскоон айылында быйылкы түшүм былтыркыга караганда азыраак болду деп көчүлүк адамдар билдиришти. Алардын бири Барскоон айылынын тургуну, жеке ишкер Бакыт Ботбаев.
«Түшүм сатуучулар жылдан жылга көбөйүп атышат. Айылда бак көбөйүп атат, баары бак тигип жатышыт. Былтыр түшүмүбүз болбой калган, мөндүр уруп кеткен. Быйыл түшүм азыраак, бирок баасы жакшыраак болуп атат элге. Азыр эле бажы бир аз кыйнап, баасы түшүп көп өтпөй жатат. Бирок былтыркыга караганда шүгүр».
Барскоон айылынын тургуну, Кумтөр ишканасынын ишкери, багбанчы Эсенаман Кененбаев бактарды кароо боюнча төмөнкү кеңешин айтып өттү.
«Барскоон жергесинде жердин шарты ак топурактуу, таштак—кургак болгондуктан бизге деген эӊ ыӊгайлуу шарт абрикостун түрүн отургузууга жакшы. Вишня, черешня, алма, ашпурт деле отургузуп жатабыз. Ар бир көчөт отургузгандан кийин өзүнүн сортуна жараша 2-3 жылдан кийин мөмө бере баштайт. Ар бир көчөттү жаш баладай карап, алдына табигый жер семирткичтерди берүүнүн негизинде көчөт чоңойот. Түшүмдү алгандан кийин муну жеӊил баага сатып жибербестен биз сактап, подвалдарга коюп, анан кийин баасын чыгарып сатууга аракет кылабыз».
Барскоон айылынын тургуну, Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин география сабагынын мугалими Мая Жакшыбекова түшүм менен үй-бүлөсүн камсыз кылып атканын айтат.
«Азыркы убакта кудайга шүгүр, Барскоон эли талаа, дыйкан чарбабызга алма, өрүк тиккенбиз. Бирок жалгыз гана үй—бүлөнүн кирешесин алма, өрүктүн түшүмү менен багууга болбойт. Анткени климат бирде үшүк жүрөт, Барскоон айылында кээде болсо жакшынакай климат болушу мүмкүн. Ошону үчүн жалгыз гана түшүм менен үй—бүлөнүн бюджетин кароого болбойт. Алманын түшүмдөрү былтыркыга караганда төмөнүрөөк. Буга болсо климаттын мээлүүн болушу же болбосо жазгы убакта сууктун көбүрөөк болушу таасир этти деп ойлойм».
Даярдаган: Нуртегин Кусеинов, Нуриза Нурбекова
Мобилдик мектеп радиосу