Барскоон айылынын тургундары ага-инилер, жеке ишкерлер Бектурсун жана Мырза Орунбаевдер өз демилгелери менен демөөрчү болуп бала-бакча курууда. Алар Барскоон айылынын келечектеги жаш муундарынын өсүп-өнүүсүнө, билим алуусуна зор салымдарын кошууда.
Ага-инилер куруп жаткан бала-бакча 100 оорундан турат жана анын толук курулуп бүтүшүнө 60 миллион сом сарпташууда. Айтылган бала-бакчаны демөөрчүлөр толугу менен бүткөрүшүп, акырында ачкычын айыл өкмөткө тапшырып беришет. Андан соӊ айыл өкмөт өз балансына өткөрүп алып, кем-карчыларын толугу менен каржылап ишке беришет. Экерте кетсек жаӊы бала-бакча ушул жылдын декабрь айы менен аяктоо алдында турат.
Гүлкайыр Осмоналиева