Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп эсептелет жана мекеме-ишканалардын көпчүлүгү дээрлик борбордук көчөлөрдө жайгашкан. Райондун аймагындагы айылдардан дагы ар кандай иштери менен жарандар, чет өлкөлүк туристтер байма-бай катташат. Ошол себептүү айылдын тазалыгын сактоо абдан маанилүү. Бирок тилекке каршы сырттан келгендер дагы, айылдын тургундары дагы тазалыкты сактоого кайдыгер мамиле кылышат. Атайын челектери орнотулганына карабастан таштандыны көрүнгон жерге ыргытып кете беришет.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев тургундар жуманын кайсы күнү болбосун таштандыны чоң көчөлөрдүн боюна алып чыгып таштап коюшарын айтты.
«Тазалыкты сактоо ар бирибиздин абийирибиздеги иш. Кээде таштанды чыкпай турган күнү деле алып чыгып коюшат. Аны кезүүгө кошпогон малдар чачат. Сапырылып эле калат. Мөөнөтүн айтып жатып тажадык»,- дейт.
Материал Фридрих Эберт фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан даярдалды. Маалыматтар фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова