Белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өттү. Ага Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары да катышты.
Аталган мектептин мугалими Нурайым Исаеванын айтымында, алгач мындай сынакты райондук деңгээлде өткөрүп, күүлөрүн жана ырларын аткарууда жогорку чеберчиликти көрсөтүшкөн окуучулар республикалык сынакка катышууга жолдомо алышкан.
Сынакка жалпы 25 катышуучу барып, алардын арасында оркестрде ойногон тажрыйбалуу комузчулар, мугалимдер да болгон. Өнөр таймашында Ак-Талаа районунан Чынболот Эсенгулов, Аслан Жээнбеков катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.
«Калыстар тобунда белгилүү комузчулар Намазбек Уралиев, Рахат Көчөрбаев, Нурзат Орозалиева “Камбаркан” оркестринин дирижеру Рысбек Жумакунов болушту. Катышуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата улуу жана кичүү муун деп эки топко бөлүнүп бааланды», — деп айтып берди Исаева.
Кичүү муундагы аткаруучулардан 1-орунду Чынболот Эсенгулов камсыз кылып, диилом жана 20 миң сом менен сыйланган. Чынболот Нурак Абдырахмановдун “Соң-Көл баяны”, “Мезгил жаңырыгы”, “Аттиллахан” күүлөрүн черткен.
Ал эми Аслан Жээнбеков “Сүймөнчүк” номинациясы менен 5 миң сом акчалай сыйлыкка татыган.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира