Ак-Талаада 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДГе каршы күрөшүү күнүнө карата дубал гезиттер сынагы, 10-11-класстын окуучулары арасында веложарыш жана Бейшеналиев мектебинин окуучу кыздары даярдаган флешмоб өттү.
Иш-чараны ден соолук комитети, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, аймактык оорукана жана спорт комитети менен бирге уюштурду.
Иш-чарага катышкан адистер учурдагы СПИД оорусу жөнүндө маалымат беришти. Ал эми Баетов айыл өкмөтүнүн катчысы А.Молдалиева веложарышка активдүү катышууну айтты жана атайын сыйлыктар берилерин белгиледи. Ошондой эле мындан сырткары аталган датага байланыштуу санитардык дубал гезиттердин көргөзмөсү болуп, сценкалар көрсөтүлдү.
Ал эми веложарышка Баетов айылындагы 24 өспүрүм катышып, байгелүү орундар менен сыйлыктарды Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары алышты.
Алар 1-орунду Бакыт Макенов, 2-орунду Алмаз Мамбетов, 3-орунду Кылымбек Жамалдинов, 4-орунду Дастан Абдылдаев камсыз кылышып, уюштуруучулардын акчалай сыйлыктарына жана дипломдоруна татыктуу болушту.
Даярдагандар: Байтерекова Алтынай, Айылчиева Улукбү