Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, социалдык өнүгүү башкармалыгы, айыл аймактары тарабынан уюшулган “Дүйнөм, ыйман сыймыгым — Кыргызстан” аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардар арасында спорттук мелдештер болуп өттү.
Анда шахмат, гиря, кол күрөш жана кол өнөрчүлөрдүн колунан жасалган буюм- тайымдардын көргөзмөсү өткөрүлдү.
Мелдеште Сары-Булуң айыл аймагынан 14 майып адам катышты. Айымдар арасында Аалиева Алтынкыз 1-орунду, диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык алды. Ал эми шашки боюнча Врачбек Чотуров 1-орунду ээлеп, диплом жана 1500 сомго ээ болду. Андан сырткары Жумадил Сотлоев штанга түртүү боюнча 3-орунду, 800 сом акчалай сыйлык алды.
Кол өнөрчүлөр арасында Сары-Булуң айыл аймагы 3-орундуу диплом жана 800 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Жыйынтыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жеке номерлерди аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Айыл өкмөттүн бюджетинен 7000 (жети миң) сом акча которулуп, сый тамак уюштурулду.
Урматтуу Сары-Булуң айыл аймагынын атуулдары! «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акция 15-ноябрдан 15-декабрга чейин уланат, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жасайм деген боорукер адамдарды кайрымдуулук кылууга чакырабыз!
Даярдаган: Нуриза Рыскулова