Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган декада жыйынтыкталды.
Декаданын алкагында мектепте 1-7-класска чейин жугуштуу оорулар, ал эми 8-11-класстын окуучуларына СПИД оорусу боюнча ачык класстык сааттар, коопсуздук маршурту, тегерек стол, линейка жана окуучулар арасында волейбол мелдеши өткөрүлүп, видеослайд көрсөтүлдү.
Ошондой эле, мектептин социалдык педагогу Бурул Жангазиева учурда өтүлүп жаткан декаданын максатын мындайча белгиледи:
— Коопсуздук маршурту аркылуу өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун алдын алуу, ошондой эле аларды коопсуз жүрүм-турумга үйрөтүү, аталган инфекцияны алып жүрүүчүлөргө моралдык колдоо көрсөтө билүүгө тарбиялоо болуп саналат.
Ал эми спорттук мелдеш уюштурган кыздар уюмунун мүчөлөрү “мелдеш аркылуу сергек жашоого үндөгүбүз келди” деп билдиришти.
Даярдаган: Айылчиева Улукбү