Баетов айылында акын жана журналист, өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген ардагер, Тоголок Молдо атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Өмүрбек Дөлөевдин 70 жылдык мааракеси өткөрүлдү.
Ага кыргыз элине таанымал маданият ишмерлери, бийлик өкүлдөрү, жазуучунун замандаштары катышты. Мааракеге келген меймандар алгач акындын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналып, маданият үйүндө уюштурулган көргөзмө менен таанышышты.
Андан соң кеченин расмий бөлүгүндө Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов Дөлөевдин кыргыз поэзиясына жана журналистикасына кошкон салымына токтолуп, Нарын облусунун «Ардактуу аксакалы» наамын тапшырды.
Кесиптештери жана замандаштары мааракеси менен куттуктап, жарым кылымга жакын райондук “Айыл турмушу” гезитинде эмгектенип, ошол эле учурда чыгармачылык менен жашаган айылдык акындын эмгегин баса белгилешти.
Ал эми райондук маданият үйүнүн кызматкерлери акындын ырларынан көркөм окушса, шакирттери акынга арналган ырларын окушту.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира