“Айыл банктын” Ак-Талаа райондук филиалында “Электрондук капчык” кызматынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага банктын кардарлары, айыл жашоочулары катышты.
Капчык кызматына биринчи катталган кардарларга банктын атайын белектери тапшырылды.
Банктын кызматкери Жаңыл Мамытбекова капчыкты колдонуунун ыңгайлуулуктары жөнүндө кардарларга түшүндүрмө берди:
— Электрондук капчык — бул жаңы муундун төлөм тутуму, ар кандай товарларды жана кызматтарды төлөөгө жардам берет. Ошондой эле капчыктын жардамы менен каалаган убакта акча которууларды жеңил жана жөнөкөй, ылдам жөнөтүүгө жардам берет.
Адистин айтымында, акча каражатын банкта эмес, телефондо сактоо менен менен соода түйүндөрүндө товарларды сатып алууга, ар кандай коммуналдык төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира