Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы № 7336 шайлоо участкасында президенттик шайлоого карата даярдыктар көрүлүп жатат.
Кара-Суу айылындагы № 7336 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлмира Жумалиеванын айтымында, шайлоочулар келип, тизмеден өздөрүн текшерип жатышат.
“Биздин участкада шайлоого даярдык жакшы өтүп жатат. Участкабыз мектепте жайгашкан, атайын бөлмө берилген. Телефон коюлуп, иштеп жатат. Өрт өчүрүүчү каражаттар бар, даяр. Дежур болуу графиги, шайлоо тууралуу брошюралар, документтер бар, даяр. Комиссия мүчөлөрү окуп келип жатышат. ТИК тарабынан бизге планшет жана шайлоону кантип өткөрүү керектиги тууралуу эскертмелер берилген. Алар менен шайлоочулар таанышап жатышат. Шайлоо комиссиясынын төрайымы катары шайлоочуларды участкага келип, тизмеден өзүлөрүн текшерип, шайлоого активдүү катышкыла деп, чакырамын”, — деп токтолду Жумалиева.
Даярдаган: Чакчагаев С.