Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы мөмө питомнигинде биринчи жолу жемиш бактарды кыйыштыруу иштери жүрдү.
Бул тууралуу “Кара-Чий” жамаатык мультимедиалык борборуна Ага-Хан фондунун алдындагы MSDSP KG коомдук уюмунун өкүлү Канат Нурманбетов билдирди.
Маалыматка караганда, кыйыштыруу иштерин үйрөтүү үчүн Чүй облусунан көп жылдан бери мөмө бактарын өстүрүү менен алектенип келген тажрыйбалуу багбандар чакырылыган.
Канат Нурманбетов питомник бир эле мөмө бактарын өстүрүү менен чектелбестен келечекте декоративдүү ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерин өстүрүүгө да көмөк көрсөтүлөөрүн айтты:
— Биз жер-жемиштердин түрүн да өстүүрүүгө багыт беребиз деп турабыз. Мына азыр бир жыл өттү. Азыр мөмө бактары кыйыштырылды. Максат — багбанчылык ушул жердин элине кеңири жайылса. Нарын жергесинде биз буга чейин мал өстүрүу багытында иштеп келгенбиз. Эми мынтип багбанчылыкка да көңүл бөлүүдөбүз.
Кызыл-Жылдыз айылындагы өсүмдүк питомниги 2016-жылы айыл тургундарынын демилгеси менен түптөлгөн. Питомниктин коругу MSDSP KG коомдук уюму тарабынан каржыланган.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков