Ак-Талаадагы орто мектептер жаңы окуу жылына карата учурдагы ремонттон өткөрүлдү. Райондогу 18 орто мектепти ремонттоого республикалык бюджеттен 581 миң сом бөлүнгөн.
Бул каражат менен мектептерди толук каптиалдык ремонттон өткөрүүгө дээрлик мүмкүн эмес. Акыркы жылдары ремонт үчүн каражат имараттын же андагы окуу бөлмөнүн чарчы метрине жараша эмес, окуган баланын санына жараша бөлүнүп калган.
Ак-Талаа райондук БББнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:
— Бөлүнгөн акчага актап, сырдоо иштерин жасайбыз. Ошондо да толук жетпейт. Чынында көйгөлүү маселе бар. Ата-энеден да жардам бергиле деп айта албайбыз. Айрым айыл өкмөттөр мектептерге колунан келишинче жардамдарын беришүүдө. Бирок ушуга карабастан мектептер ремонттолуп бүттү.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин буйругуна ылайык, билим берүү мекемелери 2017-жылдын 1-августуна карата ремонттолуп бүтүшү керек болчу. Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын алгач тиешелүү министрликтин комиссиясы кабыл алары белгилүү болду.
Даярдаган: Г. Мамытбекова