«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата, 2-3-август күндөрү Талас облусунда «Баткен облусунун маданият күндөрү” өткөрүлүп жатат.
Маданият күндөрүн өткөрүүгө Баткен облусунан 80 адам катышып, алардын арасында чеберчилер, ырчылар, кол өнөрчулөр жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү катышышты. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат, туризм министирлиги тарабынан көтөрүлгөн. Биринчиден болуп аталган иш-чара Талас облусунда өтө баштады.
“Биринчиден болуп, график негизинде Баткен облусунун Таластагы маданий күндөрү бизде өтүп жатат. Иш-чаралардын катарына «Манас» айтуу, дастан айтуу, спектакль көрсөтүу камтылган. 3-август күнү Чыңгыз Атматовдун туулаган жери Шекер айылына барып, музей менен таныштырмакчыбыз”, — деп билдирди Өкмөттүн Талас облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева.
Акын Рахманова Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарынан, көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.
“Апаларыбыздан калган өнөрдү жайылтуу максатында келгенбиз. Өзүм 1983-жылдан бери чеберчилике кызыгам. Сайма саям, баш кийимдерди тигем, килем токуйм. Бул билгенимди бизден кийинки муундарга дагы өткөрүп берейин дегем максатым бар”, — деп айтып өттү иш-чаранын катышуучусу Рахманова.
Иш-чаранын алкагында Талас облусунун маданият кызматкерлери да Баткен облусуна барып конок болуп келишет.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова