Талас облусунун чыгаан дастанчылары, манасчылары, комузчулары, жаш таланттары ошондой эле кол өнөрчүлөрү 9-август күнү Баткен облусуна үч күндүк иш сапары менен жөнөп кетишти.
Баткендеги Талас маданият күндөрү эки бөлүмдөн турат. Биринчи күнү Баткен шаарынын маданият үйүндө ачылыш аземи болуп, концерттик программа көрсөтүлөт.
Андан соң экинчи күнү Исфана шаарында жарманке уланат. Маданият күндөрүн өткөрүүдө Таластан 76 адам катышат.
Иш-чара “Ымайн, адеп жана маданият” жылына карата өтүп жатат.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова