Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолук кабинети “Аз кыймылдуулук — ашыкча салмак” аттуу мекемелердеги кыз-келиндер арасында волейбол жана теннис боюнча мелдеш уюштурду.
Волейбол оюнунда Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери 1-орунду, Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери 2-орунду, аялдар кеңиши 3-орунду камсыз кылышты.
Ал эми теннистен 1-орунду Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлжаз Капарбекова, 2-орунду Үй-бүлөлүк медицина борборунан Жанара Жылдызбекова камсыз кылды. Ден соолук кабинетинин жетекчиси Э.Акматалиеванын айтымында, ашыкча салмактан арылуу үчүн көп кыймылдап, ден соолукка кам көрүп, машыгып туруш керек.
«Албетте ар дайым кыймылда болуу ашыкча салмактан арылтат. Бардык оюнга катышкан кыз-келиндер командаларына ыраазычылык билдирем», — деди ал.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай