Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева орто мектебинде мугалимдер күнүнɵ карата чакан концерт ɵткɵрүлдү.
Мугалимдер күнүнө арналган чакан концертти окуучулар өздөрү даярдашкан. Мектеп мугалими Азиза Азимканованы кепке тарттык.
«Мугалим болуу ɵтɵ кыйын, кɵп энергияны талап кылат. Бир жылда бир күнүн мугалимдерге арнап, чакан концерт коюп беришти. Окуучулар ордуларына отурушпай изилденишип, жаңы жеке номерлерди даярдашып, бизге ɵнɵрлɵрүн кɵргɵзүштү. Бул концертке мугалимдердин баары катышып, ыраазы болуп кетишти», — деп билдирди Азимканова.
9а класстын окуучуларына жана Шаңкаева Анара эжеге чон рахмат. 9а класстардын окуучулары концертке активдүү катышып, мугалимдерге арналган жакшы ырларды айтышып, мугалимдердин кɵңүлүн ачышты.
Даярдаган: Раушан Дуйшеева