Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде «Мугалимдер күнүнө» арналган иш чара болуп өттү. Аны 8-класстын окуучулары менен бирге “Ак кептер” медиа борборунун ыктыярчылары даярдашты.
Окуучулар эже-агайларга арналган декламацияларды айтып, ыр ырдап, бийлеп, мугалимдерди майрамы менен куттукташты.
Даярдаган: Азирет Туратбеков