Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында кой-эчкилердин котур оорусун алдын алуу үчүн купкага салуу иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиалык борборуна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ветеринар адиси Нааматбек Тентиев билдирди.
Маалыматка караганда, айыл өкмөттөгү бардык кой-эчкилер купкага салынат.
Нааматбек Тенитев айыл тургундары текши купкага салбагандыктан ушул эки жылдын ичинде котур оорусу көп болуп жаткандыгын айтты.
“Кээ бири кой-эчкилерин купкага салбагандыктан котур оорусу жайылып жатат. Ошол себептен админстративдик айып пул төлөтүүнү чечтик. Ал мыйзамды айыл өкмөтү жаңы бекитти. Эгерде купкага кой-эчкилерин салбаса, биз алардын үйүнө барып айтып, болбосо айып пул салынат.”
Кошуна Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Шайымкул Султаналиев “Биздин айылда купка иштебегенине байланыштуу биз койлорубузду Жерге-Тал айылына айдап келип, купкага салып жатабыз” деди.
Жерге-Тал айыл аймагында жалпы 27 миң кой-эчки бар.
Даярдаган: Шаршенбек Акматов