Учурда Нарын районундагы Куланак айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту.
Бүгүн Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ж.Мамбетова Куланак айылына барып, алты үй-бүлөнү жана мектепте окуган 12 баланы тез жардам жана укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда Баетов айылына алып келди.
Алгач памирлик кыргыздарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, айыл аксакалдары жана тургундары тосуп алышты.
Алар тарых музейинде экскурсияда болушуп, музйедин директору М.Апилов Ак-Талаа районун тарыхы, тарыхый инсандар, экспонаттар тууралуу маалымат берди. Музейдин экспонаттарына кызыгып, айрымдарын телефондоруна тартып алышты.
Андан кийин памирлик туугандар балдар билим борборунда мейманда болушуп, ийрим мүчөлөрү, мугалимдер менен баарлашты.
Меймандардын кийинки кадамы Баетов айылынын тургуну, ооган согушунун ардагери Жаныбек Жолдошевдин үйүндө болуп, багбанчылыгы, күнөсканасы менен таанышышты. Ж.Жолдошев багбанчылыктын сырлары менен бөлүштү. Ошондой эле памирлик кыргыздарга райондук маданият үйүнүн кызматкерлери концерттик программа тартуулашты.
Ак-Талаа районунун акими С.Черикбаев меймандарга куттуктоо сөз айтып, кийим-кече белек кылды. Ал эми Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин жамааты мектепте окуган балдар үчун окуу куралдарын тапшырды.
Андан соң меймандар №40 кесиптик лицеинде түштөнүп, кыргыздын тушоо кесүү салтына күбө болушту. Акимдин орун басары Жылдыз Мамбетованын айтымында, памирлик туугандарды Ак-Талаанын маданияты, тарыхы, дыйканчылыгы, мал чарбачылыгы тууралуу жакындан тааныштыруу максатында мейманга чакырышкан. Алар лицейдеги тикмечилик, кийиз жасоо, сайма саюу сыяктуу кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө күбө болушат. Ал эми эркектерге улуттук оюндар көрсөтүлөт.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира