Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы айдоочулар кышка карата даярдыктарды көрө башташты.
Үч-Коргон айылынын жашоочусу Исхак Маруфов быйылкы кыштын суук болоорунан коркуп, жазгы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырууда. Ал ар жылы кышка өзгөчө даярдык көрүп, унаалардын жараксыз тетиктерин жана майларын да эрте алмаштырып коёт.
«Мен жылда кышка даярдык көрүп коём. Өзүм Үч-Коргондон жүргүнчүлөрдү 20 сомдон ташыйым. Кыштын күнү аз да болсо үй тирчилигине акча чыгып турат. Бир айда 5 миң сомго чейин акча табам», — дейт Маруфуов.
Бул жылы кыш кандай келээри белгисиз болгондуктан, көпчүлүк унаанын ээлери камсанабай жүргөнүн да байкоого болот.
«Быйыл биздин айылда жыйым-терим жакшы болду. Анткени күз жакшы келди. Оюмча, кыш быйыл анчалык суук болбойт. Себеби өткөн жылы бул мезгилде адамдар жыйым-теримди эрте бүтүшүп, жамгыр аралаш кар жаап берген. Быйыл болсо унаа айдагандар шашышкан жок», — дейт айыл тургуну Хуршид Абсатторов.
Даярдаган: Шохиста Курбанова
Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат