Нарын районунун Жерге-Тал айылынын дарыгерлер тобуна «Азыркы учурда кандай оорулар пайда болууда, себеби эмнеде?» деген суроо менен кайрылдык.
Үй-бүлөлүк эмчи айым Айзада Максʏталиева тɵмɵндɵгʏлɵрдʏ айтып ɵттʏ:
— Учурда Жерге-Тал айылында сарыктын А тʏрʏ жʏрʏп жатат. Жайлата 20-30 бала ооруду. Сарык менен ооругандардын кɵбʏнчɵсʏ ооруканага жатып даарыланышты, ал эми калганы ʏйʏндɵ эле даарынын жардамы менен болушту. Сарыкты санитардык жол менен жойсо болот. Буга чейин биз балдар бакчасы менен мектептерге тʏшʏндʏрмɵ иштерин жʏргʏздʏк.
Үй-бʏлɵлʏк эмчи айым Мээрим Турдумбаева:
— Мага учурда аз кандуулук менен жабыркагандар жана мите курт оорулары боюнча кайрылгандар кɵп болуп жатат. 2 жаштан 5 жашка чейинки балдардын арасында аз кандуулук оорулары ɵтɵ кɵп. Биз элдерге туура тамактануу боюнча тʏшʏндʏргɵнгɵ аракет кылып жатабыз.
Бул ооруну алдын алууда туура тамактанууну ʏйрɵнʏш керек-деп эмчи айым билдирди.
Даяардагандар: Гулипа Амангелдиева, Мырзайым Сʏйʏнбекова, Назима Бакытбекова