Баетов айылында тарых илимдеринин кандидаты Бактыбек Исаковдун “Өрнөктүү өмүрлөр” китебинин бет ачары болду. Бет ачар азем Ак-Талаа райондук администрациясынын жыйындар залында болуп, ага айыл өкмөттөрдөн келген өкүлдөр, улуу муундун өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.


Китептин автору Исаков:
— Азыр биздин ардагерлерибиздин өмүр баяны, жасаган иши ар бирибизге кызык. Мугалим, сугатчы, дыйкан же министр болсун алардын өмүр жолу китеп болууга татыктуу. Жаштар, улам кийинки муун алар тууралуу билиши керек. Азыр чындыгында эч ким китеп окубайт. Анткени баарыбыз интернет менен алекпиз. Бирок бул шылтоо менен китеп чыгарбай койгонго болбойт. Албетте чыгаруу да оңой эмес. Кымбат турат.
Китеп 100 нускада басып чыгарылган. Мукабасы атайын дизайн менен жасалган. Китеп китепканаларга берилбейт. Кимдин өмүр баяны китепке кирген болсо, ошол адамдарга гана берилет.
Автордун айтымында, мындай китептен үчөө чыгарылат. Алгачкы китептке Ак-Тал, Кара-Бүргөн, Чолок-Кайың айылдарынан эч бир киши кирбей калган.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза