Эржан Тытыев Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жашайт. Ал тогуз жашта болгонуна карабастан бата айтып, улакчы балдар менен чогуу жүрөт.
Эржан улакка беш жашынан тарта бара баштаганын айтат.
«Улак болгон сайын бата айтам. Батаны мага атам үйрөткөн. Улакка аябай кызыгам. Аттан көп жолу кулагам бирок баары бир баргым келет. 2-класста окуйм, бош убагымда атама жардам берем. Аттарды өзүм карайм, багам”, — дейт ал.

Бала кезинен бери улакка кызыгып, чоңойгондо улакчы болом деген жаштардын катарын толуктаган Эржан жаттаган баталарынан айтып берди.
“Жеңе, жеңе жеңебай
Эгиз бала төрөп ал.
бирөөнүн атын Жолой кой.
бирөөнүн атын Малай кой .
Жолойун жоо бетине кой.
Малайын мал бетине кой.
Экөө тең укпаса,
чочокторун чорт кесип,
конфет байлап кой.
Оомийн, десең мага,
Батамды берем сага
Батамдын башы байтал болсун,
Балекетиң кайтар болсун,
Корооң толо кой болсун,
Чараң толо май болсун,
Кызың шырдактуу болсун.
Балаң улакчы болсун. оомийн!
Беш терек, беш терекке гүл керек
Бизге окшогон жаш балдарга
Улакктан башка не керек.
О деген тамга тегерек,
Ортосуна гүл керек.
Бизге окшогон балдарга,
Улакктан башка не керек”.
“Ак кептер” медиа борборунун атынан Эржанга ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Гүлзада Бейшенбекова