Кыргызстандагы эң узун адам Жеңишбек Ак-Талаанын Ак-Кыясында туулган. Анын туулган күнүндө ага-тууганы айылында Жеңишбектин атынан спорттук оюндарды өткөрүүнү үч жылдан бери салтка айландырып келе жатышат.
Бул күнү волейбол, аралыкка чуркоо, аркан тартыш, чака чапмай өңдүү оюндарды уюштурушту.


Аталган иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 2000 сом бөлүнгөн.
Жеңишбектин агасы Бакытбек:
— Кыргызда сейрек жаралуучу эң узун адам Жеңишбектин атын өчүрбөй, улам кийинкилерге калтыруу максатында колдон келишинче жыл сайын өткөрүп жатабыз. Оюндардын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.
Даярдаган: Назира Чыкын кызы