Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев атындагы мектептин окуучулары аймактык, райондук, облустук, республикалык баскычтарды багындырып, Алматыдагы таяк тартыш оюнунан байгелүү орундарды алып Чехияга жолдомо алышты.
Барскоон айылынын тургуну, жеке ишкер, таяк тартыш оюнунун жетекчиси Руслан Чыныбек уулу команда тууралуу төмөндөгүдөй айтып өттү:


«Бул таяк тартыш оюуну негизинен Якуттардын оюну экен. Кыргызстанга келгенине 4 жылдын жүзү болуптур, ал эми Барскоон айылында 4 жарым айдан бери ойнолуп жатат. Биздин команданын түзүлгөнүнө 3жарым ай болду. Командада бардыгы 13-14 бала бар. Башында балдар топтолуп ,аз убакыттан кийин кыздар кошулду . Биздин оюнчулар Кыргызстандын чемпиондору болушту. Чыныбек уулу Арслан 50 кг дан 1- орунду, Рысбек Сулайманов 60 кг дан 1- орун,Усонгул уулу Бакберди 60 кг дан 2- орун алды . Аз убакыттан кийин «Казакстанга барышты, ал жерден дагы жакшы ийгиликтер менен келишти .Чыныбек уулу Арслан дуйнолук оюнунан 2- орунду ээледи. Сулайманов Рысбек жана Усонгул уулу Бакберди бирөө күмүш медаль,бирөө 4-орунду багындырышты. Буюрса сентябрдын жетисинде Чехияда боло турган таяк тартыш оюунунун 2-этабы болот, ал жерден дагы жакшы ийгилик менен келсек дейм».
Барскоон айылынын Э.Кендирбаев атындагы орто мектептин 10 -классынынын окуучусу, райондук мелдеште 2 -орунду багындырган Каниет Садыкова атаандаштары тууралуу төмөндөгүлөргө токтоло кетти:

« Барскоон айылында мектепте таяк тартыш оюуну болуп, мектеп ичинен жакшы оюн көрсөтүп ушундан улам катышып жатам. Бул оюунга биз көп деле даярданган жокбуз, агайыбыз Руслан Чыныбек уулу бир жума даярдады, ошол даярдык менен барып калдык. Негизинен атаандаштар жакшы даярдыктар менен келишиптир. Казакстанга жолдомо алган кыздар менен тартышканда кыйын эле болду. Буюрса алдыга койгон максаттарым көп, дагы көптөгөн ийгиликтерге ушул калып менен жетсем дейм».
Ушул эле мектептин 9 -классынын окуучусу Арслан Чыныбек уулу Чехияга жолдомо алгандыгы тууралуу кабарчыбызга айтып берген:


«Барскоондо жакын арада башталып район, область, республикадан чыгып, Казакстанга жолдомо алдык. Казакстандагы атаандаштар аябагандай кыйын болду, жакшы даярдыктар менен келишиптир . Казакстандан 2- орун алдым. Казакстанга барууга ата – энем каршы болгон жок. Алдыдагы план көп, Чехияга барганга аябай даярданабыз буюрса, ал жерден жакшы ийгилик менен келебиз деген үмуттөбүз».
Оюнчулар дагы да таяк тартыш оюну боюнча коптогон бийиктерди багындырабыз деп үмүттөнүшөт. Машыктыруучунун айтымында алдыда коп эмгектенуу керек.
Сюжетти даярдаган: Нуриза Нурбекова, Назика Муратова.