Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде англис тили сабагы боюнча башка мектептин мугалимдеринин катышуусунда эки күндүк семенар болуп өттү.
Бул күндө мугалимдер өзүлөрүнүн билимдерин тереңдетип, билбегенин билип алышты.

Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин англис тили сабагынан берген Динара Дүйшеекева бүгүнкү семенарды эмне максат менен өтүп жаткандыгы тууралуу кабарчы менен маек курду:

«Бул семенарды англис тили мугалимдерине Жети-Өгүз районундагы Саруу,Дархан айылдарынан жалпы «Лингва скулдун» проектисин баалоо жана көтөрүү максатында .Бул иш чарага англис тили мугалимдери катыша алышат.Биз бул семенарды эки күндөн бери өтүп жатабыз.Биз бул семенарды өтүп өзүбүздүн максатыбызга жеттик деп ойлойбуз.Баардык келген мугалимдер жакшы катышып өзүлөрүнүн ой пикирлерин калтырышты.Мугалимдердин баары өткөн семенарды баалашты».
Барскоон айылына караштуу Казыбай Чылабаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин англис тили сабагынын мугалими ,семенардын коногу Мунаркул Исмаилова эжей бүгүнкү семенар кандай деңгээлде өткөнүн айып өттү.


Бүгүнкү семенар аябагандай жакшы деңгээле өттү десем жаңылышпайм.Бүгункү өтүп жаткан семенарга көз карашым эң жакшы .Бул семенар мугалимдер үчүн эң зарыл нерселерди үйрөөнү максатында өткөрүлүп жатат.Биз өзүбүз билбеген нерселердибизди билип,билимибизди терендетип алдык.Семенардын пайдасы азыркы учурда көптөгөн тесттерди кандай түзүшүбүз керек ошонун баарын үйрөндүк .
Англис тилине көңүл буруу учурдун талабы,себеби бүткул дуйно бул тилде суйлойт.
Сюжетти даярдаган: Нуриза Нурбекова, Аэлита Муктарова.