Акыркы 20 жылдан бери күнүмдүк тиричилигибизде көчөдөн, бакчалардан, парктардан, эс алуу жайлардан бутка илешкен, же бакта илинген желим баштыктарды, бошогон идиштерди көрүүгө болот.
Бирок аны ачык ар кайсы жерлерге таштай берүү же өттөп жиберүү экологияга таасир тийгизери, айлана-чөйрөнү булгай турганы эч кимди кызыктырбаса деле керек. Экология илимдеринин доценти Эрмек Байбагышев ачык күндө калган желим таштандылар бир канча жыл бою жер кыртышында кала берет дейт.
Желим таштандылар кундөн талкаланат. Жердин алдында алар 100 жыл деле жата берет. Жаратылышта өзу чирип, иштелип кетпейт. Айлана чөйрөну, эстетикалык көрунүшүн булгайт. Бактын бутактарында желим баштыктар илинип турса. Андан тышкары ысыганда бизге билинбеген заттар бөлүнүп чыгат. Өрттөгөндө экологияга абдан зыян. Абаны булгайт. Бирок ал билинбей жаай бөлуп чыгарат да.
Желим таштандыларды өрттөгөндө деле толугу менен күйүп кетпей тоголоктошуп эриген бойдон кала берет. Эң өкүнүчтүүсү өрттөгөн учурда уюлгуган кара түтүн чыгат. Ал эми түтүн аркылуу абага кандай уулуу заттар тарай тургандыгын Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин химия мугалими Атаканова Саадат айтып берди:
“Азыркы учурда желим таштандыларды көп чогултуп өрттөп жатабыз. Анын түтүнү менен кошо көптөгөн уулуу газдар атмосферага бөлунүп чыгат. Мисалы айлана-чөйрөгө жана адам баласына зыяндууу болгон күкүрттүн жана көмуртектин оксиди бөлүнүп чыгат. Негизинен жылыга атмосферага 200млн тоннага жакын көмүртектин оксиди, 150 млн.тонна кукүрттун оксиди, 50млн тоннага жакын ар турдүү углеводороддор, 250млн тоннадан ашык аэрозолдор учуп чыгат. Ал эми өндүрүш таштандыларынан бөлүнүп чыккан күкүрттүн оксиди айлан-чөйрөгө чон зыян келтирет.
Адам тирүү организм катары экологиянын бир фактору болуп саналат. Ал эми биз жогоруда кеп кылган желим таштандылар адам баласынын ден соолугуна пайда-зыяны тууралуу Акталаа районундагы ооруккананын соматика бөлүмүнүн башчысы Мамашарипов Райымберди мындай дейт:
Таштандылардын көп болгон жеринде химиялык өзгөрүүлөр болгон болсо, анда биздин тукум куучулук, генетикалык өзгөрулгөн гендер берилип, тубаса кемтик оорулуу балдар төрөлүп калуу коркунучу бар.озгөчө пластикалык таштандылардын курамына жарашы химиялык уулуу заттарды бөлүп чыгарат.Алардын ар биринин ден соолукка зыян алып келет. Мисалы, ашказан ооруларына, дем алуу системасына, көрүү органдарына, шишик ооруларына алып келүү коркунучу бар.
Европа өлкөлөрундө желим идиштерди колдонуудан кийин кайрадан соода түйүндөрүнө өткөрүшөт. Ошол себептүү мындай өлкөлөрдө желим таштандылар деген тушүнүк жок. Бизде да желим таштандыларды кайра иштетүүчү шарт болгондо аба булганбай, экологиябызга терс таасир тийбей турган жагдай түзүлөт эле.
Басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалыммдоо каражаттарынын Ассциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова