Эки күндөн бери Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдер жана тарбиячылар арасында “Жыл мугалими-2017” сынагы өтүп жатат.
Ага мектепте өткөн сынактын жеңүүчүлөрү катышып, күч сынашууда. Сынак башталардан мурун райондук билим берүү бөлүмүнүн күлдөрү мектептин спорттук залына коюлган мыкты, оригиналдуу, кыймылдуу көрсөтмө куралдар менен таанышып чыкты.
Андан соң жыйындар залында сынактын өтүү тартиби, жободо көрсөтүлгөн шарттар менен тааныштырылды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев катышуучуларга ийгилик каалады. Сынакта катышуучулар “менин педагогикалык философиям”, “комплекстүү тарбиялоо боюнча менин ой-пикирим” жана бир сабактын иштелмеси боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Даярдаган: Алтынай Жылдызбекова