“Деградация деген-бул чөп тутумунун бузулушу.Деградациянын келип чыгуусу малдын көп жайылышынан болот.Башкача айтканда 1г жерге канча мал жайылышы керек жана канча убакыт. Бул оптималдуу жүктөм деп аталат.Биз ушул норманы сактабагандыктын эсебинен жайыттардын бузулушуна тактап айтканда деградацияга учуратат. ”
Суусамыр өрөөнүн Кыргызстандын башкы жайыт жери деп аташат. Бүгүнкү күндө бул жерде үч областтын: Чүй, Талас жана Жалалабад областтарынын фермерлери өзүлөрүнүн малын жайышат. Бул жерде жайыттардын бардык түрү кездешет, аларды мал жаюу үчүн жылдын жаз-күз жай жана кыш мезгилинде колдонууга болот.Бирок чектен тыш антропогендик жүк, акыркы беш жылдагы жайылуучу малдын кобөйүшү, жайыттарды туура эмес системасыз колдонуу алардын бузулушуна алып келди. Ошол эле учурда мал айдалып өтүүчү жолдогу жайыттар дайыма мал жайылбагандыктан, өсүмдүүлүк курамы малдын тоютуна жараксыз болуп өзгөрдү. Көпчүлүк жайыттарга катуу жана тикенектүү караган, уулуу бадалдар жана чөптөр өсүп чыкты.
Азыркы күндө Суусамырдагы жайыттардын абалы дээрлик канааттандырбайт. Көпчүлүк жайыт пайдалануучулар жайыттын абалына көңүл бурушпайт. Ал жерде алардын таштандылары, малдан кыркып алган жүндөр калып калат. Андан тышкары малчылар жер которуштурбайт.
Ал эми Суусамырдагы жайыттардын абалы туурасында жана жамаатар асоссациясы жайыттардын абалын жакшыртуу үчүн кандай иштерди жасай алат? Деген темада “Суусамыр FM” радиосунун түз эфиринде “Суусамыр жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин” төрагасы Зоодан Асаналиевич жана “Суусамыр жамаатар асосациясынын” төрагасы Урмат Алыпсатаров кененирээк айтып беришкен.
Материалда Суусамыр FM радиосунун жеке фотолору колдонулду
Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Анарбек Калдыков