Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебин 2007-жылы бүтүргөндөр он жылдык жолугушууга келээрдин алдында мектептин спорт залын капиталдык оңдоодон өткөрүп беришти. Спорт зал 40 жылдан бери жөнөкөй оңдолсо дагы капиталдык оңдоо болгон эмес. 2017-жылдын 22-майында спорт залдын ачылыш аземи болду.
Аталган мектептин мугалими, 10 жыл мурун мектепти бүтүргөн Урматбек Ашырбаев спорт залды оңдоо демилгеси өздөрүнө таандык экенин айтты. Оңдоо иштерине жалпы 60 миң сомдой акча каражаты кеткен.
“Биз Кубанычбек Анарбек уулу жана мен мектепти 10 жыл мурун бүткөнбүз жана азыр ушул мектепте мугалим болуп иштейбиз. Спорт залынын абалын көрүп, анан ушундай сунуш киргиздик. 10 жылдыктардын айылга кошкон салымыбыз болсун дедик. Жалпысынан 1 ай 12 күндө бүттүк. Залды баскетболго ылайыкташтырып, шыптарды кырып, заманбап стилде акталды, бардыгы сырдалды. Мурдагы акыбалы абдан жаман болчу, боёгу эскирген, полдору кыйшайган болчу. Залдын ичи жаркырап калды”, — деп айтып өттү Ашырбаев.
Мектеп директору Кенжекан Аматбекова спорт залды оңдоп берген он жыл мурунку бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.
“Спорт зал 1977-жылы колдонууга берилген экен, ошондон бери капиталдык оңдоо боло элек болчу, жылда сырдап койчубуз. Быйыл 10 жылдыктар мектебибиздин спорт залын толук оңдошуп, бүгүн ачылышын кылып жатабыз. 2007-жылы мектепти бүтүрүп кеткен 10 жылдыктарга чоң рахмат!” — деди мектеп директору.
10-класстын окуучусу, мектептин волейбол боюнча курама командасынын оюнчусу Кубан Эркиналы уулу спорт зал оңдолуп жакшы шарттар түзүлүп калганын айтты.
“Мен 8- класстан бери волейболдон ушул залда машыгып келем. Абалы начар болчу, жуусак деле чаң чыгып турчу. Залды мындан кийин таза караганга аракет кылабыз. 10 жылдыктарга чоң рахмат!” — деди мектеп окуучусу.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы