Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата мына ушундай аталышта Ак-Талаа районундагы орто билим берүүчү мектептердин мугалимдери арасында спорттун футбол, шахмат, стол тенниси жана волейбол боюнча мелдеши өттү.
Аталган спорттук иш-чараны Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү жана кесиптик уюм уюштуруп, жалпы байге фонду 16 миң сомду түздү.



Кыз-келиндер арасында теннис боюнча мелдешке 20 мугалим катышып, 1-орунду Байымбет атындагы орто мектебинин директору А.Тиленбаева, 2-орунду ушул эле мектептин мугалими Тентиева И., 3-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Г.Капарбек кызы ээледи.

Ал эми шахмат боюнча катышкан 11 мугалимдин ичинен Ж.Сатылганов мектебинин мугалими Ж.Чырмыев 1-орун, 2-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Т.Жыргалбеков, 3-орунду Ж.Сатылганов мектебинен Б.Кадышев камсыз кылды.
Кыз-келиндер арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште 1-орун Ж.Сатылганов мектеби, 2-орун Ш.Бейшеналиев, 3-орун К.Молдобасанов мектебинин командалары жеңип алды.
Волейбол боюнча жалпы 16 команда ойноду. Ошодой эле футбол боюнча 1-орун М.Базаркулов, 2-орун Б.Календеров, 3-орун А.Абдраимов атындагы оро мектептеринин командалары татыктуу болушту.
Жалпы командалык эсепте Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин жамааты 1-орунга ээ болуп, өтмө кубокту жеңип алышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө райондук кесиптик бирлигинин акчалай сыйлыктары жана дипломдору тапшырылды.
Уюмдун төрагасы М.Сатындиевдин айтымында, мугалимдерди колдоо максатындагы бул мелдеш мезгилдүү өткөрүлүп турат. Ал жакшы эс алуу — ийгиликке өбөлгө болорун белгиледи.
Ал эми районо башчы К.Эсеналиев жолдун алыстыгына карабай келип, мелдешке катышып берген бардык мугалимдер жамааттарына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира