Көк-Жар айылындагы Т.Арунов атындагы айылдык китепканада Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш чара өттү. Анда айылдагы активдүү китеп окурмандарга китепканадагы адабий китептер тууралуу маалымат берилди.


Китеп окурмандар менен бирге өткөн иш чарада китепкана башчысы Маасымкул Мейманова окурмандарга китептин качан, кайда пайда болгон, эн кичине жана эң чон китептер тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтты. “Китеп-бул билимдин булагы, китеп окуган адам ар качан ар тараптуу өнүккөн инсан болот. Андыктан баарыбыз кмтеп окууну адатка айландыралы. Азыр көпчүлүк китеп окубай интернет менен алектенип калды. Китепокуган адамдын жан дүйнөсү бай болот” дейт М.Мейманова. Окурмандар өз кезегинде окуган китептери жөнүндө айтып, окуу күндөр өткөрүлүп турса дешти.
Даярдаган: Назира Чыкын кызы